Жакшы Кабар Каты
– Төмөнкүлөрдү окуңуз:
Баш 1:1 | Эң башында Кудай асман менен жерди жаратты |
Римд 3:23 | Себеби бардыгы күнөө кетирип, Кудай ээ кыла турган даңктан айрылып калышкан |
Жакан 8:34 | Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, күнөө кылган адам – күнөөнүн кулу. |
Кудай бизди жаратты, бирок биз Аны билбейбиз жана биз күнөөкөр мүнөзүбуз себептүү Андан ажыраганбыз. Кудайсыз биздин өмүр маанисиз жана максатсыз. Күнөөлөрүбүз натыйжасы (анын акысы) дене жагынан кандай болсо, рухий жагынан да так ошондой өлүм болуп эсептелет. Рухий жагынан өлүм Кудайдан ажырагандыкты билдирет. Дене жагынан өлүм дененин чирүүсу. Егер биз күнөөлөрүбүз себептүү өлсөк, Кудайдан түбөлүккө ажырайбыз жана тозоко дуушар болобуз. Күнөөлөрүбүздөн кандай кутулсак жана кандай Кудайга кайтсак болот? Өзүбүз өзүбүздү куткарып калууга күчүбүз жетпейт, анткени күнөөкөр адамдын өзүнү куткарып калышы мүмкүн эмес (сууга чөгүп бара жаткан киши өзүнү сактап кала албаганыдай). Башкаларда бизди сактап кала албайт, анткени биз бардыгыбыз күнөөкөрбүз (бир сууга чөгүп бара жаткан киши сууга чөгүп бара жаткан башка бир кишини куткарып кала албайт, экөө тең тыштан жардамга муктаж). Күнөөлөрүбүздөн бизди куткаруу үчүн күнөөсүз (сууга чөкпөй турган) бирөө керек. Күнөөсүз гана бизди куткарып кала алат. Бардыгыбыз күнөө кылган ушул күнөөлүү дүйнөдө күнөөсүз адамды кандай тапса болот?
Римд 6:23 | Анткени күнөө үчүн жаза – өлүм, ал эми Кудайдын белеги – Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр. |
Жакан 3:16 | Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди. |
Матай 1:23 | «Кыз кош бойлуу болуп, Уул төрөйт, анын ысымын Эмануел деп коюшат» |
Жакан 8:23 | Ыйса аларга: «Силер төмөн жактансыңар, Мен жогору жактанмын. Силер бул дүйнөдөнсүңөр, Мен бул дүйнөдөн эмесмин. |
Марк 1:11 | Ошондо асмандан «Сен Менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен Сага ыраазымын» деген үн угулду. |
Жакан 8:36 | Эгерде силерди Уул эркин кылса, анда чындап эркин болосуңар. |
Жакан 3:3 | Ыйса ага: «Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, кимде-ким жогорудан төрөлбөсө, Кудайдын Падышачылыгын көрбөйт», – деп жооп берди |
Жакан 1:12 | Ал эми Аны кабыл алып, Ага ишенгендерге Кудайдын балдары болуу бийлиги берилди. |
Бизди жараткан жана чексиз сүйгөн Кудай бул маселенин чечимини да берди. Анын бизге чексиз сүйүүсү себептүү Ал Өзүнүн Уулуну, Ыйсаны күнөөлөрүбүз үчүн өлүүгө жиберди. Ыйса күнөөсүз, анткени Ал бул дүйнөдөн эмес, жана ал жерде болгон кезинде шайтанга чыдамдык көрсөттү, аны жеңип чыкты. Анын жашоосу Асмандагы Кудайга туура келди. Ыйса күнөөлөрүбүздүн бардыгын өз мойнүна алды жана ошол күнөөлөрүбүз үчүн айкаш жыгачка кадалып өзүнү курмандыкка берди. Ал биздин Куткаруучубуз (Ыйса бизди куткара алды, анткени Ал сууга чөкпөгөн эле). Ыйсанын айкаш жыгачка кадалып өзүнү курмандыкка бергендигин максаты – күнөөлөрүбүздөн бизди куткаруу жана Кудай менен биздин арабыздагы үзүлгөн мамилени өз ордуна кайтаруу менен күнөөлөрүбүз үчүн өз жанын курман кылып акы төлөө болуп эсептелет. Рухий өлүм (Кудайдан ажыраш) коркунучу Кудайдын күчү себептүү бизден алыс. Биздин Аны менен жаңы калыбына келтирилген мамилебиз жогортодон кайра туулуш деп аталат. Бул жаңы туулуш бизди жаратылышыбыз жана болмушубуздун бир заманда жоготулган максатына кайтарат. Аны менен бирге биздин жашообузду чыныгы маани менен толтурат.
Жакан 11:25 | Ыйса ага мындай деди: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да, тирилет. |
Римд 6:9 | Себеби өлгөндөрдүн арасынан тирилген Машайак кайра өлбөй турганын, эми өлүм Анын үстүнөн бийлик жүргүзбөй турганын билебиз |
Элч. ишт 2:24 | Бирок Кудай Аны өлүм кишенинен бошотуп, тирилтти, анткени өлүм Аны кармап тура алган жок. |
Римд 14:9 | Машайак өлгөндөрдүн да, тирүүлөрдүн да Теңири болуш үчүн, өлүп кайра тирилген. |
Элч. Ишт. 1:11 | «Галилеялык эркектер! Асманды эмне карап турасыңар? Силердин жаныңардан асманга көтөрүлүп кеткен бул Ыйса, өзүңөр көргөндөй, асманга кандай көтөрүлүп кетсе, ошондой эле кайра келет» |
Ыйсанын күнөөлөрүбүз үчүн курмандыгынын Кудай тарабынан кабыл алынганына кандай ишенсек болот? Бизде ишеничтүү далил бар – бул Ыйсанын Кудай тарабынан өлүктөрдөн тирилуусу. Анын өлүктөрдөн тирилуусу Ыйсанын өлүмдү жеңгенин чын экенин далилдейт (же, башкача айтканда, өлүм Анын үстүнөн бийлик жүргүзө албайт). Эми болсо, Ыйса тирүү болгондуктан, биз да Ал менен бирге жашайбыз. Анын өмүрү бизге өмүр берет. Анын үстүнө, Анын өлүктөрдөн тирилуусу бүгүн да тирүү болгондугун билдирет.
Жакан 5:24 | Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Менин сөзүмдү угуп, Мени жиберген Кудайга ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ, ал соттолбойт, анткени өлүмдөн өмүргө өттү. |
Жакан 10:9 | Мен эшикмин. Ким Мен аркылуу кирсе, ал куткарылат. Кирет, чыгат жана жайыт табат. |
Жакан 14:6 | Ыйса ага: «Жол, чындык жана өмүр Менмин. Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт. |
Жакан 8:24 | Ошондуктан Мен силерге күнөөкөр бойдон өлөсүңөр дедим. Бул Мен экениме ишенбесеңер, күнөөкөр бойдон өлөсүңөр», – деди. |
Элч. Ишт. 4:12 | Адамдарды Ыйсадан башка эч ким куткара албайт. Анткени асман астында бизди – адамдарды куткара ала турган башка ысым жок». |
Римд 10:13 | Анткени Теңирдин ысымын чакырган ар бир адам куткарылат. |
Римд 10:11 | Ыйык Жазууда болсо: «Ага ишенген адам уятка калбайт», – деп айтылат. |
Римд 2:11 | Анткени Кудайда бет карамалык жок. |
Римд 3:22 | Кудайдын бул адилеттиги – бардык ишенгендерге Ыйса Машайакка болгон ишеним аркылуу бериле турган адилеттик. Анткени эч айырма жок. |
Римд 10:9 | Эгерде сен өз оозуң менен Ыйсаны Теңирим деп ачык таанысаң, Кудайдын Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткенине чын жүрөгүң менен ишенсең, анда куткарыласың. |
Күнөөлөрүбүздөн кандай кутулсак жана биз кандай кылып ушундай өмүрдүү болсок болот. Ыйсага Теңирибиз жана Куткаруучубуз деп ишенип күнөөлөрүбүздөн кутулсак жана жаңы өмүрдүү болсок болот. Егер күнөөлүү жолдорүбүздан өкүнүп кайтсак жана бизди куткарышы жана бизди кечириши үчүн Ыйсага кайрылсак, Ал бардыгыны аткарат. Ыйса биздин күнөөлөрүбүз үчүн өзүнү курмандыкка беруу үчүн бул дүйнөгө келген Теңирдин уулу. Ага ишенген жарык дүйнөдө жашаган ар бир адам кечирилет, күнөөлөрдөн (жана тозоктон) куткарылат, Кудайдан берилген жаңы өмүрдүү болот. Кудайда бет карамалык жок. Кайсы өлкөдө жашап жатканыбыз, кайсы тилде сүйлөшкөнүбүз, байбызбы, кедейбизби, эркекпизби, аялбызбы, жашпызбы, карыбызбы, же башка айра турган айрыкчалыгыбыз барбы-Ага баары бир. Ыйсага ишенген жана Аны ачык тааныган ар бир адам куткарылат. Ыйсага ээрчийин десеңер төмөнкүдөй сыйынсаңар болот:
Биздин Асмандагы Кудай, мени куткарылсын жана асмандан берилген жаңы өмүрдүү болсун деп күнөөлөрүм үчүн өзүнү курмандыкка беруугө Өзүңдүн жалгыз Уулуңду жибергениң үчүн Сага ыраазымын. Күнөөкөр өмүрүмдөн өкүнүп тобо кыламын жана күнөөлөрүм үчүн кечирим сурайм. Мен Ыйсага ишенемин жана Ыйсаны Теңирим жана Куткаруучум деп табамын. Сен мага берген жаңы өмүр Сен каалагандай болуусу үчүн мага жардам бер жана түз жолго бур. Оомийин
Егер ушундай сыйына турган болсоң, Кудайдан сен барышың мүмкүн болгон Жыйынды көрсөтүүнү сура. Кудайга сыйынышта үзгүлтүксүз кайрыл, ошондо Кудай сага жооп берет. Кудайдын үнүн уккула. Кудай сенин жол башчың болот. Ал сени сүйөт жана Ал сенин үчүн кам көрөт. Сен Ага таянсаң болот. Ага ишенгендерден Кудай эч убакта алыстабайт. Кудай кең пейил. Ага ишенүүгө болот. Бардык өмүрүң боюнча Ага ишене аласың. Анын алдында бардык муктаждыктарың менен өкүнүчтөрүңдү билдир. Ал сага кам көрөт жана сага бата берет. Кудай мындай деген: “Сенден алыстабайм, сени таштабайм”. Кудайга таян. Кудай Ыйса аркылу батасын берсин.
Жакан китебинен баштап Библияны үзгүлтүксүз окугула. Егер сизди кошумча маалымат кызыктырса, бул шилтемени басыңыз.